Кызыктар каты

Кызыктар каты

Жарыя же Кулантандыруу АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу Барскоон Айыл аймагынын Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкаганда баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат КНЧ: 1. «Сүт» КНЧ 2. «Эт» КНЧ 3. «Өрүк» КНЧ 4. «Бал» КНЧ 5. «Буудай, арпа» КНЧ 6. «Туризм» КНЧ 7. «Кол өнөрчүлүк» КНЧ 8. «Мөмө-Жемиш» (Дан куурай, карагат) КНЧ Кызматташу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөттүннүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштар АРИС тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 7 430 700 сомдун чегинде болушу мүмкүн Кызыктар тараптар бизнес долборунун резюмесин жана кызыктар катын 05.04.2023 баштап 13.04.2023 жылдын саат 17:00 чейин тапшыруу керек. Кызыктар катын, бизнес-палндын резюмесин төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот. https://docs.google.com/document/d/1LhRO0ee4tOWa49VtXxd0rmb-fcMRY6k_/edit Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар Ватсап: 0702 92 24 38, 0552 87 17 85 Тел.: 0702 92 24 38, 0552 87 17 85 Эл.почта: [email protected], [email protected] Адрес: Жети-Огуз району, Барскоон айылы, АӨ.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information