Айгүл-Таш айылынын артыкчылыгын тандоо

Айгүл-Таш  айылынын артыкчылыгын тандоо

Сиздин айылыңызда фокус-топтордун жардамы менен айылдын артыкчылыктуу багыттары аныкталды, сунушталган тизмеден Кошумча нарк чынжырчасынын жана социалдык инфратүзүмү боюнча артыкчылыктардын тандоосун баштайбыз. Айылдын онлайн-порталында сунушталган багыттар тууралуу өз пикириңизди калтырыңыз. ✔️Айгул-Таш айылындагы бала бакчаны бутуруу; ✔️Айгул-Таш жаны конушун электрлештируу; ✔️Айгул-Таш айылынын ички кочолорун жарыктандыруу; ✔️Өрук; ✔️Эт; ✔️Кол өнөрчүлүк/тигүүчүлүк. ❗❗❗Онлайн-порталда пикир калтыргандан кийин, бул шилтемеге кирип добушуңузду бериңиз 🔴👉http://rep.aris.kg/CSP/100AA/COMB/?opid=1600 💡СИЗДИН ПИКИР АБДАН МААНИЛҮҮ!

Points

Айгулташ айылына бала бакча өтө зарыл жогоруда айтылгандай балдар мектепке чейинки даярдык жок эле түз 1-класска барып өздөштүрүп кетүүсү кыйын болуп жатат. Анан тигүү цехи болсо кыз келиндерге жакшы болмок иш менен камсыз болуп. Айылыбыздын калкынын саны аз болгондуктан биздин айылга жакшы көңүл бурулбай келген ушул күнгө чейин

Айылда швеный цех болсо балдарыбызды бала бакчага берип озубуз швеяда иштейт элек:

Айгүл-Таш айылында ушул мезгилге чейин бала бакча болгон эмес.Натыйжада балдар мектепке чейинки тарбияны үйдөн алышат.Мектепке чейинки даярдоосуз эле 1-класска барып кыйынчылыктарга дуушар болууда айыл бала бакчага муктаж .Айылда дагы бир көйгөй жумушсуздук эгерде тигүү цехи болсо аялдарга жакшы болмок өздөрүнө керектүү каражаттарды иштеп табышмак жана элдин жашоосунда азда болсо жакшыруу болмок

Бала бакча дагы балдардын ой чеберчилигин арттыруу максатында заарыл

Биздин Айгулташ айылына бала бакча керек жаштарга тигуу цехи ото зарыл керек Аллахым ишке ашуусуна жардам берсин

Айгулташ айылы учурда бардык тармактардан колдоого муктаж.Себеби 30 жылдан бери айылда калктын саны аз болуп жакшы каралбай келген.Айылда балдар бала бакча дегенди билишпейт.Уйдон эле туп туура мектептик партасына келип отурушат.

Бала бакча жана тигуу цехи бизге аябай керек балдарыбыздын биздин келечегибиз буйруса онолоруна ишенем

Биздин Айгул таш айылыбызга бала бакча биринч очретте керек.Балдарды бакчага берип иштегенибизге дагы жакшы.

Айгул-Таш айылындагы кыз келиндерди жумуш менен камсыздоо учун тигуу цех керектүү анан

Бизге Айгулташ айылына тигүү цехи болсо жакшы жаштар иш менен камсыз болот эле

Биздин айылга негизи бааары эле заарыл жаштардын коптугуно байланыштуу бала бакча менен жумуш орун тузуучу цехтер курулса жакшы болот

Айгул-Таш айылына тигуу цехи ото керек.Анткени айылда жумуш оорундары жок.Тигуу цехи ачылып калса аялдар учун ото жакшы болмок.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information