Эмнеге үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдө жоопкерчилик жок

Эмнеге үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдө жоопкерчилик жок

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өсүүдө, бирок жабырлануучулардын баары эле милицияга кайрылууга даяр эмес болгондуктан, эске алынбай калган фактылардын саны арбын. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк агрессор үчүн чыныгы жазага жетүү абдан кыйын - көпчүлүк учурларда кылмышкер айып пул же коомдук жумуштар менен кутулуу мүмкүн болгон административдик жоопкерчиликке тартылат.Ошол эле учурда агрессор өзүнүн жазасыз калганын сезип, үй-бүлөлүк зомбулукту улантат. Жыл сайын катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өсүүдө. Ошол эле учурда орто эсеп менен 10 жылдын ичинде зордук-зомбулук аракетин кылгандардын 96 пайызын эркектер түзөт, көбүнчө булар аялын сабаган күйөөлөр. Беш учурдун төртөөндө зордук-зомбулук агрессорлор тарабынан мас абалында жасалат, алардын көбү жумушсуздар, жана аягы кейиштүү болуп аякташы мүмкүн 👉https://internews.kg/glavnye-novosti/kak-partnery-internyus-sozdayut-istorii-na-temu-gendernogo-nasiliya/ шилтемеси аркылуу Интерньюстун өнөктөштөрү гендердик зомбулук темасында окуяларды кантип түзөрүн биле аласыз.

Points

Бул жерде, тексттен тышкары, үн же видео комментарий калтыра аласыз (10 мүнөткө чейин)

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information