Күйөөмдү таштап кетким келет, мени таап алып урат деп корком

Күйөөмдү таштап кетким келет, мени таап алып урат деп корком

Кыргызстандагы борборлордун даректерин жана байланыштарын бул жерден тапса болот 🔴https://www.aris.kg/files/csp/kts-kr.pdf Өмүрүң үчүн коркуп күйөөңдү таштап кетүүдөн корксоң, дароо милицияга кайрыл. Укук коргоо органдары сизге коргоо ордерин бериши керек. Сизге, дагы ким жардам бере алаарын ойлонушубуз керек, кошуналар, туугандарга телефон чалууга аракет көрүү. Ачуусу тараганда, албетте, чуркап барып 102ге чалыш керек.Эгер андай нерсе жок болсо жана жашоого мүмкүн болбой калса, анда кийинки жашоону ойлош керек. Биринчи кезекте өзүңдү, анан балдарды ойлош керек.Көчөдө калбоо үчүн реабилитациялык борбордон же туугандарынан орун табыш керек. Сиз кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот, алар жардам жана башпаанек бериши мүмкүн. ☎️Ошондой эле Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга же турмуштук оор кырдаалга туш болгондорго жардам берүү үчүн 📞117 ишеним телефону иштейт.

Points

Бул жерде, тексттен тышкары, үн же видео комментарий калтыра аласыз (10 мүнөткө чейин)

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information